20.06.2018 13:10

АКШ БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин курамынан чыгаарын жарыялады

АКШ БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин курамынан чыгаарын жарыялады

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Штат расмий түрдө БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинен чыгаарын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

«АКШ БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинен расмий түрдө чыгат. Бирок, бул бизде адам укуктары корголбой калат дегенди билдирбесин түшүндүрүп койгум келет», — деди Хейли АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео катышкан атайын пресс-конференция учурунда.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде 47 мүчө-мамлекет бар. Алардын 13ү африкалык мамлекеттер, 13ү азиялык-тынч океандык, 8 латын америкалык, 6 чыгыш европалык жана 7 батыш европалык жана башка мамлекеттер.

Шайлоо БУУнун Башкы ассамблеясында жүрөт. АКШнын аталган Кеңешке мүчөлүгү 2019-жылдын 31-декабрында аяктайт. АКШнын азыркы администрация өкүлдөрү Адам укугу боюнча кеңешти Израилге болгон калыстыксыз мамилеси үчүн бир нече жолу сындап чыккан.  Ошондой эле  Венесуэла Кеңеш мүчөсү экенине да терс пикирин билдирген.