10.04.2020 15:43

АКШ долларынын курсу сомго карата дээрлик 12%га чейин өскөн

АКШ долларынын курсу сомго карата дээрлик 12%га чейин өскөн

АКШ долларынын курсу сомго карата жыл башынан бери 11,92%га өстү. Тиешелүү билдирүүнү КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева таратты. Айтымында валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу.

Маалыматка караганда, Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн КРУБ жалпы суммасы 216,9 млн АКШ долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн.

Ага ылайык, Улуттук Банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368,8 млн АКШ долларын түздү.

“Аманатчылар кабатыр болбой эле койсо болот, бүгүнкү күндө банк системасы туруктуу жана стабилдүү тартипте иштеп жатат, ал эми бардык каражаттар, пайыздарды кошо аманат боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык толук көлөмдө төлөнөт”, - дейт улуттук банктын расмий өкүлү.  

КР Улуттук Банкында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт, мында банк кызматтары, анын ичинде насыялар боюнча жылдыруулар жөнүндө жарандардын кайрылуулары каралат. Бардык байланыштарды мекеменин расмий сайтынан жана соцтармактагы баракчаларынан көрсө болот.

  • Коомдук кабылдаманын телефону: 0(312)-610486,
  • сайты: https://www.nbkr.kg/.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Ичинен 39у дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.