04.09.2018 17:38

АКШ курамасы Красноярский крайынын көк бөрүчүлөрүнөн утулду

АКШ курамасы Красноярский крайынын көк бөрүчүлөрүнөн утулду

Красноярский крайынын курамасы көк бөрү оюнунда АКШ курамасын чоң эсептик айырма менен утуп алды. Бул туурасында ДКО уюштуруу катчылыгынан билдиришти. 

Бүгүн, 4-сентябрда Бактуу-Долоноту айылында Көк бөрү боюнча таймаштын экинчи күнү өтүп жатат. С тобунда россиялык Красноярский крайынан келген спортчулар АКШнын командасы менен беттешти. Америкалыктар спорттун аталган түрү боюнча мелдешке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында экинчи ирет катышып жатышат. Оюнда америкалыктар 3:17 эсебинде утулушту. Эми Казакстан менен таймашат. 

3-сентябрда Кыргызстан менен Монголия командалары беттешип, кыргыз курамасы 29:5 эсебинде Монголияны утуп алган. Өзбек курамасы Башкортостан командасын 19:1 эсебинде жеңип кеткен. Москва шаарынан келген көк бөрүчүлөр афган спортчуларын 7:2 эсебинде артка таштаган.