07.06.2018 08:30

АКШда миңден ашык дельфин киттерди коштоп сүзүштү

АКШда миңден ашык дельфин киттерди коштоп сүзүштү

АКШ жээгинде бир жарым миңге жакын дельфин эки китти коштоп сүзүштү. Бул туурасында Daily Mail гезити билдирет. Эне-бала киттерди дельфиндердин үйүрү ээрчип, сүзүп бараткан тасма Калифорния жээктеринде учкучу жок аппараттын жардамы менен тартылган. 

Деңиз биологдорунун баамында, дельфиндер өздөрүнүн сүзүү ылдамдыгын арттыруу үчүн киттерди коштоп алышкан.  

«Дельфиндер  бул иштен ырахат алып жаткандай жана киттерге тоскоол деле болушкан жок», — деп билдирди эксперт Нэнси Блэк.