22.05.2018 08:35

АКШда полиция кызматкеринин белиндеги куру ээсинин өмүрүн сактап калды

АКШда полиция кызматкеринин белиндеги куру ээсинин өмүрүн сактап калды

АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында полиция кызматкеринин жанын белиндеги куру сактап калды. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдирет.

Эки полиция кызматкери  өгөй уулун достору менен кошуп өлтүрөм деп ээленген 51 жаштагы эркек кишинин үйүнө келишкен. Алардын жакындап келгенин байкаган кылмышкер тапанчадан ок чыгарган. Бир ок полиция кызматкерине тийип, бирок, курдагы темир илмекке такалып, токтоп калган.

Буга жооп кылып, тартип сакчылары ок жаадырып башташканда, шектүү үйдө жашынып калат. Бирок, полиция кызматкерлери аны сөзгө тартып, колго түшүп берүүгө көндүрүштү.

Камакка алынган жаранга 2 факт боюнча айып тагылды: полиция кызматкерлерине ок чыгаруу жана өгөй баласы менен анын досторун коркутуп-үркүтүү.