04.06.2018 08:30

АКШда учкуч кыз самолетту унаалар өтүүчү жолго кондурду

АКШда учкуч кыз самолетту унаалар өтүүчү жолго кондурду

Учактын конуу учуру күбөнүн видеорегистраторуна түшүп калган. Тасма социалдык түйүндөрдө жарыяланды. 

Окуя Калифорния штатынын Хангинтон-Бич шаарында жүз берди. Айдоочунун айтымында,  учактын моторунун добушун укканда мотоцикл деп ойлогон. 

Учакты кыз башкарып баратканы аныкталды. Самолетту жолго кондуруу эч кандай кырсыкка алып келген жок. Тажрыйбасыздыгына карабай, учкуч электр чубалгыларына тийген эмес. Мындай  кадамга барууга кыймылдаткычынын бузулушу себеп болгон. 

Жерине келген полиция кызматкерлери кыздын эпчилдигине таң беришти.  «Айрым учкучтар жолдун кайсы бөлүгү менен айдашты да биле беришпейт!» — деп тамашага салышты тартип сакчылары.