06.08.2018 11:07

АКШда өспүрүм 9 жашар баланы тапанча менен коркутуп, тоноп кетти

АКШда өспүрүм 9 жашар баланы тапанча менен коркутуп, тоноп кетти

Американын Түндүк Каролина штатынын Монро шаарында өспүрүм көчөдө таттуу суусундук сатып турган баланы тоноп кетти. Бул туурасында жекшемби күнү The Charlotte Observer гезити жазып чыкты.

Тоноо ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында болгон. Тергөөнүн божомолуна караганда, жабырлануучу бала көчөдө лимонад сатып турганда ага чоочун өспүрүм басып келип, ичине тапанча такап, акча талап кылган. Баладан 20 долларга жетпеген акчаны алып, из жашырган. 

Полиция жакынкы аймактагы токойчодон кара түстөгү пневматикалык тапанча, коргоочу түстөгү баш кийим жана металл банка тапкан. Божомолдорго караганда, каракчы баланын акчасын тартып алган соң бактардын арасына жашырылган велосипедин минип качкан.