08.05.2018 13:31

АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген үй-бүлөлөр балдарынан ажыратылат

АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген үй-бүлөлөр балдарынан ажыратылат

АКШ Башкы прокуратурасы жана Ички коопсуздук министрлиги чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасагандарды кичине балдарынан ажыратууга  туура келсе да сотко бере баштайт.

Мындай катаал саясатты дүйшөмбүдө АКШ башкы прокурору Жефф Сешнс Аризона жана Калифорния укук коргоо органдарынын кызматкерлери алдында сөз сүйлөп жатып жарыялады.

"Биз чек араны бузгандарды жана адамдардын трафигин уюштургандарды куугунтукка алабыз. Эгер кимдир -бирөө Америкага баласын алып киргиси келсе, ал кармалат, баласын мыйзамдарга ылайык алып коебуз. Эгер бул силерге жакпаса, өлкөгө балдарды жашыруун жөнөтпөгүлө", - деди Сешнс.

Мурда чек араны бузгандарды жөн гана Мексикага депортациялашчу. Азыркы саясат боюнча мындай жарандардын иши сотко өтөт жана жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Балдарды ата-энесинен бөлүп, атайын жайларда кармашат.

Мартта чек ара режимин бузган 40 миң киши кармалган, алардын көбү Борбор Америкадан келишкен. Бул былтыркыга салыштырмалуу 200 пайызга көп.