10.07.2018 14:47

«Акжол-автожол» бекетинен аткезчилик менен менен алынып келе жаткан 1,5 млн сомдун товары кармалды

«Акжол-автожол» бекетинен аткезчилик менен менен алынып келе жаткан 1,5 млн сомдун товары  кармалды

«Акжол-автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арачылары Кыргызстанга тиешелүү документтери жок 119 аталыштагы автотетиктерди алып кирүүгө далалат кылган Казакстандын жаранын кармашкан. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

“Акжол-автожол” өткөрүү пунктунун чек ара кезмети Казакстандын жараны Е.Ж.,га тиешелүү автоунааны кароо учурунда жүк салуучу жайынан автотетиктерди табышкан. Сурамжылоо учурунда Е.Ж., аттуу жаран товарды Карагандыдан (КР) Кыргызстанга алып бара жаткандыгын, бирок, жүккө карата документтеринин жок экендигин билдирген.

Ушул эле күнү “Акжол-автожол” КӨП чек арачылары 3 тонна желим күкүмүн Кыргызстанга жүккө карата тиешелүү документи жок алып кирүүгө далалат кылган Казакстандын башка жаранын кармашкан.

Киргизилип жаткан товарлардын жалпы наркы 1 500 000 сомду түзгөн. Кармалгандар жүктөрү менен кошо КР ЭККМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.