Ала-Бука районунун аймактык ооруканасы жаңы УЗИ аппарат менен жабдылды

Ала-Бука районунун аймактык ооруканасы жаңы УЗИ аппарат менен жабдылды

Ала-Бука аймактык ооруканасы заманбап УЗИ аппарат (ультрадобуштуу сканер  Samsung Hs40  samsung Meqicon менен комплектте, Корея Республикасы) менен жабдылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аппарат оорукананын үнөмдөлгөн каражатына, 2 млн. 850 миң сомго сатылып алынган. 

«Заманбап УЗИ аппарат калкка медициналык тейлөө көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берип, эне менен баланын кандайдыр-бир илдетин,  жүрөк-кан тамыр жана башка ооруларды өз убагында аныктоого жардам берет»,- дейт аймактык оорукананын жетекчиси Жыргалбек Осмоналиев.