12.04.2019 10:50

Аламүдүн районунда беш жаштагы бала каналдагы сууга түшүп кетип, дайынсыз болууда

Аламүдүн районунда беш жаштагы бала каналдагы сууга түшүп кетип, дайынсыз болууда

Аламүдүн районунда беш жаштагы бала каналдагы сууга түшүп кетип, дайынсыз болууда. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына алдын ала маалыматтарга ылайык, 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу маалымат куткаруучуларга 11-апрель күнү келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган. Кеч болгондугуна байланыштуу саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 12-апрель күнү издөө иштери улантылат.