Аламүдүн районунун акими алмашты

Аламүдүн районунун акими алмашты

Аламүдүн районунун акими  Касымбек Чодуров кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Чодуров Касымбек Жалилович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунуштамасынын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн башка буйругу менен Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.