13.02.2019 11:28

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 3 адам өрттөн каза тапты

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 3 адам өрттөн каза тапты

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында 3 адам өрттөн каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 12-февраль күнү саат 15:13 чамасында Таш-Дөбө айылынын Октябрь көчөсүнүн №45/2 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанында салынган гараждан жана кампадан өрт чыккан.  Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөн. 

ӨКМ кызматкерлеринин жардамы менен өрт саат 17:30да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 34 жаштагы аял,  анын 2009-жылы жана 2017-жылы туулган эки баласы күйүп каза болгон.

Ал эми, Turmush басылмасы аталган айылдын тургундарына таянуу менен каза тапкан аял жана анын жолдошу дудук болушканын жазып чыкты.

«Үйдө күйөөсүнүн апасы да жашачу.  Кырсык болгон күнү жолдошу жумушка кеткен экен. Алар күндүз челекке бензин алып келишиптир. Сарайдан өрт чыгып, аялдын жана эки баласынын сөөгү ошол жерден табылып жатат. Ал эми үй өрттөнгөн эмес. Буга чейин кайын эне менен келиндин ортосунда түшүнбөстүк болуп турчу», - дешкен айыл тургундары.

Учурда ӨКМ келтирилген материалдык чыгымдарды жана өрттүн келип чыгуу себеби тактоодо.