19.06.2018 18:05

Албек Ибраимов: “Дастан” ишканасына тиешелүү мүлктү ээлеп алуу жана жок кылуу туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес

Албек Ибраимов:  “Дастан” ишканасына тиешелүү мүлктү ээлеп алуу жана жок кылуу туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес

Алмазбек Атамбаевдин санаалаштарын тартуу менен кезектеги кылмыш иштеринин  жанданышына  байланыштуу КСДПнын маалымат кызматы Саясий кеңештин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимовдун 2018-жылдын 11-июнунда жасаган билдирүүсүн таратты. Анда ал партиянын Төрагасына аталган кылмыш ишинин маңызы боюнча  түшүндүрмө берген. Партия  бул коомчулукка калыс маалымат берүү үчүн зарыл деп эсептейт.

«УКМК өз түшүндүрмөсүндө бул келишимдин чоо-жайын кеңири ачыкка чыгарганын эске алып, төмөнкү түшүндүрмөнү берүүнү зарыл деп эсептейм.

Мен 2011-жылдын февраль айында “Дастан ТУК” ААКга кызматка келген учурда “Дастан ТУК” менен Индиянын Коргоо Министрлигинин ортосунда 12 аскер торпедасын ташып-жеткирүүгө келишим түзүлүп, аны аткаруу мөөнөтү 2011-жылдын декабрына чейин белгиленген. Бул “Дастан ТУК” ААКнын акыркы жылдардагы бирден-бир ири келишими болгонун белгилей кетүү керек.

Келишимди тыкыр изилдеп чыгып, мен негизги үч учурду белгиледим:

1) контракт аяктап калганда продукцияны даярдоо 95% түзгөн (тетиктер өндүрүштө болгон);

2) ишкана тарабынан финансы каражаттарынын басымдуу бөлүгү сарпталып кеткен, булар –чийки зат жана келишимди аткаруу үчүн комплектилөөчү тетиктер, айлык акы жана салыктар;

3) контрактты мөөнөтүндө аткарбаган учурда салынуучу айыптык санкциялар бир миллион АКШ долларынан ашуунду түзмөк.

Эң маанилүү учур болуп торпеданын талкалоочу бөлүгүнүн – Октоочу бөлүгүнүн жана И- 239 Жардыргычынын (атайын тетиктер) жетишпестиги болду.

Бул комплектилей турган бөлүктөрү жок биздин торпедаларды эч ким сатып алмак эмес. Завод 6 млн. доллар тегеринде чыгашага учурамак.

Техникалык кызматтардын корутундусу боюнча аталган атайын тетиктерди совет доорунда чыгарууга адистешкен бир гана “Перм Велосипед заводу” болгон. Тилекке каршы, бул ишкана бизге керектүү тетиктерди чыгарбай калганы маалым болду. Демек, бизге зарыл болгон тетиктер “Дастан” заводу чыгарган торпедаларды колдонгон өлкөлөрдүн аскер-деңиз кампаларында гана болушу мүмкүн эле.

Ошол учурда Кыргызстанда атайын тетиктерди ташып келүүгө уруксаат берүүчү документтери бар бир эле ишкана “Дастан Инжиниринг” компаниясы гана болгондуктан, ишкана өзүнүн “Укрспецэкспорт” менен байланышына таянып, атайын тетиктерди бизге ташып жеткирүүнү сунуштаган. Буга байланыштуу аталган ишкана менен атайын тетиктерди (И-239 Жардыргычы) ташып келүү боюнча келишим түзүлгөн. “Дастан Инжинирингдин” негизги ээлик кылуучусу болуп (70%) Украинанын жараны Шумов мырза эсептелет.

“Дастан” ТУК менен келишим бекитүүдө “Дастан Инжиниринг” комплектилөөчү тетиктерге 533 миң АКШ доллары өлчөмүндө өз баасын койгон жана муну документтерди каттоо, тетиктерди ташып келүү жана мындай келишимдерд ишке ашырууда башка чыгымдардын чоң экендиги менен жүйөлөштүргөн. Башкача айтканда, ташып келүүнүн аяккы суммасын “Дастан Инжиниринг” компаниясы аныктаган.

Ошондуктан биз буга макул болууга аргасыз болгонбуз, анткени башка варианттар жок эле. Жыйынтыгында Индиянын Коргоо Министрлиги менен “Дастан” ТУКнун ортосундагы контракт мөөнөтүндө аткарылып, ишкана 11,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө киреше алган. Натыйжада “Дастан” ТУК 6 миллион доллар тегерегинде операциялык киреше тапкан жана жумушчулардын айлык акылары үч- төрт эсеге көбөйгөн. Жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу “Дастандын” тарыхында алгачкы жолу миллион доллардан ашуун дивиденд алган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде “Дастан” ТУК ААКсына тиешелүү мүлктү ээлеп алуу жана жок кылуу туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес экенин билдиргим келет.

Менин билишимче, буга окшогон ар бир келишим боюнча көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Министрлиги органдарынын кураторлору тарабынан туруктуу негизде ишке ашырылып келген.

Ошондуктан, менде эмне үчүн 7 жылдан кийин, так азыр “кокустан” кандайдыр бир күдүктөнүү жана шектенүү пайда болду деген жөндүү суроо туулат.

Биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, ошондой эле менин Атамбаевдин командасындагы санаалаштырымды камакка алуулар, мага карата ачылган ушул жана башка кылмыш иштери мага саясий жактан жүйөлөштүрүлгөн деп болжолдоого негиз берет», -дейт  өз билдирүүсүндө КСДПнын  Саясий кеңешинин мүчөсү А.С. Ибраимов.