31.01.2019 09:15

Алданган үлүш ээлери Ак үй алдында митингге чыгышты

Алданган үлүш ээлери Ак үй алдында митингге чыгышты

Акысын төлөп, турак жайынан айрылгандар. "Альянс курулуш плюс" компаниясына алданган үлүшкерлер кечээ Ак үйдүн алдына кезектеги митингге чыгышты. Алар бул көйгөйдү бийлик жеке көзөмөлүнө алышы керек дешет. Анткени, компаниянын жетекчиси Максим Альянов шылуундук боюнча айыпталып, камакта отурат. Ал эми курулушу башталып, орто жолдо калган объекттер камакка алынган.

Батирлердин 100 пайыз акысын төлөп, талаада калган үлүшкерлердин дооматтарын April.kg угуп келди.