07.08.2019 22:43

Алия Шагиева: Менин атам Кой-Ташта, ал коопсуз жакка чыгып кетти деген сөз- жалган

  Дело Алмазбека Атамбаева (69 материалов)
Алия Шагиева: Менин атам Кой-Ташта, ал коопсуз жакка чыгып кетти деген сөз- жалган

Алмазбек Атамбаев дагы деле Кой-Ташта. Аны кармап кетишкен жок жана коопсуз жерге чыгып кетиптир деген сөздөр - жалган. Бул тууралуу экс-президенттин кызы Алия Шагиева социалдык тармакта жазды.

Анын айтымында, экс-президент азыр Кой-Таштагы үйүндө.

"Апрель" каналынын тартпай калганы эле көп нерседен кабар берип турат. Кой-Таштагы үйдүн үстүндө тик учактар учуп жүрөт. Элдердин байланышын үзүп жатат деген шегим бар. Мен үй-бүлөм, жарандык позициясын билдиребиз деп жатып жабыркап калган элдер үчүн кооптонуп жатам",- деди Алия Шагиева.