09.05.2020 12:00

Сеид Атамбаев: «Айкөл, ким болсо да тайманбай бетине айткан, духу күчтүү адамдын уулу болгонума сыймыктанам!»

Сеид Атамбаев: «Айкөл, ким болсо да тайманбай бетине айткан, духу күчтүү адамдын уулу болгонума сыймыктанам!»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев менен NazarNews.org маалымат агенттиги  баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп алган. Маекти толугу менен сунуштайбыз.

-- Саламатсызбы Сеид Алмазбекович, бүгүн чын эле эч нерсеси жок калган абалга кептелип калдыңызбы?

-- “Азыр эч нерсем жок калды десем” балким сиз да, ушул маекти окуган окурман деле ынанбайт болуш керек. Башка жарандардай эле мен да өз эмгегим менен жараткан жана иш жүргүзүп жаткан обьектилерим болгон. Бирок аларды тийиштүү органдар азыркы «көч башындагылардын» айдоктоосу менен мыйзамга ылайык келбеген эрежелерди колдонушуп арестке алып коюшту. Мага, менин жакындарыма, туугандарыма эч бир тиешеси жок активдерди узун тизме кылып тизип, аларды биздин дарегибизге чапташып, коомчулукка мокочо кылып көрсөтүүгө абдан аракет кылышты. Бирок, акыйкаттык үчүн белгилей кетким келет, чындык башкада, алар көбүртүп-жабыртып айтып жаткандай эмес. Анан калса алар өтө эле чектен чыккан кадамдарга барып, мыйзамдарды өздөрү каалагандай өкчөп, бизге карата нелерди гана жасабады. Азыр да жасап жатышат. Ал тургай айылдагы чоң атамдан калган үйгө чейин асылышты. Калыстык үчүн айтсам, мынчалык ыпластык Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда болгон эмес. Минтип салыштырып жатканым ошол кездерде менин атам аларга карата оппозициялык маанайда катуу каршылыктарды көрсөтүп келгенин баарыңар эле билесиңер... Дагы да көп нерселерди айтсам болмок, бирок мен айтпаган күндө деле биздин үй-бүлөөнү жакындан билгендер жана да коомчулуктун калың катмары кимдин-ким экенин көрүп, билип турат.

-- Активдериңизди арестке коюп, документтериңизге чейин алып коюшканы чынбы?

-- Чын. Азыр эле айтып өттүм го, өздөрүн бүгүн «кудуреттүү» сезгендер укук жана күч органдарынын колу менен мыйзамды каалагандарындай калчап атышат. Жеке автомашинама, анын техникалык паспорту эле эмес өзүмдүн жарандык паспортторумду да алиге чейин ала албай келем. Бул деген эч бир мыйзамга туура келбеген жорук. Адам укугун ачык эле басмырлаган мындай аракеттер бакыйган юристтерге эле эмес, юриспруденция боюнча билим алып жаткан 1-курстун студентине деле түшүнүктүү болуп турат.

-- Мындай абал сизди чүнчүтүп, абалыңызды ого бетер татаалдаштырып жаткан жокпу?

-- Албетте, азыркы цивилизацияга умтулган доордо, демократиялуу деп эсептелген өлкөдө ар бир жарандын жанында өздүгүн аныктаган паспорту жана ушул сыяктуу документтери болуш керек. Ансыз кайсы гана жаран болбосун ыңгайсыздыкка тушугат. Биздин үй-бүлөөгө карата жасалып жаткан мындай көрүнүштөрдү мен барып турган пастык, кара өзгөйлүк деп айтаар элем. Түшүнүп эле атабыз, алар бизди эч бир адамгерчиликке сыйбаган аракеттер менен чүнчүткүсү келип жаткандарын. Ошондой аракеттери менен балким алар убактылуу жеңишке жетишээр, бирок, тарыхтын далайлаган барактарында турат, андай нерселердин аягы эч качан жакшылык менен бүткөн эмес. Демек, адам көкүрөгүндө акыйкаттык ким тарапта экенин сезип турса андай адамдар эч убакта чүнчүбөйт, тескерисинче чыйралат.

-- Досторуңуз кол үзгөн жокпу?

-- Дос... Албетте бул жакшы. Жашоодо чыныгы достук деген бар экенине мен ишенем. Албетте, тилекке каршы «беш кол тең эмес» дегендей күн тийип турганда жаныңдан кетпей, күн батканда издесең да таба албаган көлөкө сымал «досторду» да көрдүм, ошол эле учурда ушундай кырдаалдарда өз кара жанын эмес, жалпы мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн күйүп-жанган чыныгы досторду да таптым.

-- Атаңыз менен жолугуп турасызбы?

-- Атам жакындары менен жолугуп туруусуна укугу бар болсо да атабыз менен жолугушуп туруу оорчулукту жаратууда. Ошентсе да ... ирет жолугуша алдым. Ал туурасында ММКлар деле жазып чыгышпадыбы. 

-- Бүгүнкү күндө ал кишинин абалы кандай?

-- Август окуясынан кийин мен УКМКнын абагында жолугушканда атамдын жүзүнөн духунун бийиктигин, күчтүүлүгүн байкадым. Ошол эле учурда бир жагынан өлкөбүздөгү болуп жаткан социалдык абалга, экинчи жагынан мамлекетибиздин чындап өнүгүп-өсүүсү үчүн азыркы жетекчилер Баш мыйзамда көрсөтүлгөн норма боюнча чыныгы мыйзам талаасында иш алып баруусу үчүн, акыйкаттык үчүн, өз ойлорун ачык айтып, бийликтин узун укуругунан коркпой, көз караштарын ачык билдирип чыккан балдардын абакта күнөөсүз жаткандарына ичинен катуу кейип турганын сездим. Ушундай көрүнүштөрдөн уламбы атамдын абалы кээде начарлап, кан басымы да дайыма бир калыпта болбой, ден-соолугуна терс таасир берип жатканын жактоочулары аркылуу угуп жатабыз. Ошентсе да кыргызда жакшы сөз бар го, «ак ийилет, бирок сынбайт» деген. Акылман бабаларыбыздан калган ушул накыл сөз бизге дем берип келет.

-- Саясатка аралашып, ата жолун улайын деген максатыңыздан кайткан жоксузбу?

-- Кайсы гана уул ата жолун улагысы келбесин. Бирок, бизди атабыз эч убакта саясатка аралаштырган эмес. «Өз ишиңерди саясаттан тыш, ак эмгек менен өтөгүлө» деп көп айтчу. Биз да, эч кимибиз саясатка аралашкан эмеспиз. Бирок минтип, коомубуздагы болуп жаткан социалдык абалдан улам, Чыгыштын улуу акыны Назим Хикмент айткандай «сен күйбөсөң, мен күйбөсөм анда коомго жарыкты ким чачат?» дегениндей бейиштин төрүндөй болгон Мекенибиздеги бүгүнкү абал бизди да саясатка аралаштырууга мажбур кылууда.

-- Кыйынчылыкка түшкөн мезгилде сизден жүздөрүн буруп кеткен тааныштарыңыз, санаалаштарыңыз болгон жокпу?

-- Көптөгөн көрүнүштөр болду. Айрым «доспуз» дегендердин арасында өздөрүнүн коопсуздугун ойлоштубу, айрымдары менен арабыз салкындап калган учурлар деле болду, ошол эле учурда намыскөй, жөнөкөй досторду да таптык.

-- Шайлоого катышасызбы?

-- Бул эми мезгилдин суроосу болуп турсун, баарын убакыт көрсөтөт. Бир гана нерсени айтып кете алам, мамлекетибиздин чындап бакубат жашоого жетиши үчүн, эл аралык аренада өз орду, өз кадыр баркы бар өлкөлөрдөн болуусу үчүн аракетибизди жумшайбыз.

-- Атаңыздын кайсыл мүнөзүн тарткансыз?

-- Өз өлкөсүнүн имиджи үчүн күйө билгендигин.

-- Атаңыз президент болгончо кандай иштер менен алек болгонсуз?

-- Жөнөкөй жарандар сыяктуу эле өз оокатыбызды кылып келдик. Ишкерлик менен алектендим.

-- Жашоодо сизди түшүнгөн, кейисеңиз башыңызды жөлөгөн адам барбы? Бар болсо ким?

-- Үй-бүлөм, туугандарым, жакындарым, достукту бекем туткан, адамдын артынан бычак урбаган чыныгы санаалаштарым, анан албетте атам.

-- Алмазбек Атамбаевдин уулу болгонуңузга сыймыктанасызбы?

-- Ошондой айкөл, ичине кир сактабай ким болсо да бетке айткан, мыкты, духу күчтүү адамдын уулу болгонума сыймыктанам!

-- Атаңыз менен жолукканда кандай сөздөрдү сүйлөшөсүз? Бири-бириңерге кубат бересиңерби?

-- Атам мурда бизге кандай акыл-насааттарын айтса азыр деле ошол сөзүн айтып келет. «Кандай болгон күндө да элдин уулдарын болгула» дейт бизди.

-- Атаңызга кандай мүнөздөмө бересиз?

-- Мен атамды мекенинин намысын талашкан, духу бийик адам экенин ишенимдүү айта алам.

-- Ал сиз үчүн кандай адам?

-- Бийик адам! Күчтүү адам! Мыкты адам! Анан ишенчээк адам, ошол ишенчээктиги көп учурда ага далай ыңгайсыздыктарды жаратып келди.

-- Баса, «электр энергиясын алып, элге кымбат саткан» деген дооматтарга кандай комментарий бересиз?

--Ушул сыяктуу «жөө жомоктор» менен бир топ убакыттардан бери менин атымды кандай жол менен болсо да коомчулукка мокочо кылып көрсөтүү аракеттери болушунча жүрүп жатат. Ал тургай мага «энергомафиозник», «энергобарон» жана ушул сыяктуу «ботколорун» канча куюшту. Чынын айтсам ушундай ыплас иштерди жасап жаткандардын мынчалык пастыкка чейин барышаарын  күткөн эмесмин.

Тагыраак болуш үчүн бир аз түшүндүрмө бере кетейинчи. Өзүңүздөр деле ГАРТЭКтин таблицасын карап көрсөңүздөр болот. Ал таблицада энергияны сатып жана бөлүштүргөн энергокомпаниялардын жасалган ишмердүүлүктөрү ачык эле бакыйып көрсөтүлүп турат. Көрсөткүчтө энергияны сатып алуудагы биздин компаниянын артыкчылыктары башка энергокомпанияларга салыштырмалуу өтө эле төмөнкү шкалада турат. Тагыраак айтканда биздин компания бизге окшогон башка энерго компаниялардан айырмаланып мамлекеттен энергияны 2,5 эсе кымбат сатып алып, бирок кайра бардык компаниялардай эле тең баада сатат.

Анан да айтып атышпайбы «Алмазбек Атамбаев баласынын компаниясын калкалап келген» деп. Ошол эле ГАРТЭКтин таблицасында конкуренциялык багытта өнүгүүдөгү каралган компанияларга берилген мүмкүнчүлүктөрдө «ошолор» айтып жатышкандай мен жетектеген «Авто-Энергомаш» компаниясы «май-талкан  сугунуп жаткандай» артыкчылыктары эмес, тескерисинче кыйратып берилбеген мүмкүнчүлүктөр менен иш жүргүзүп келгенибиз. Мунун баары ошол таблицада эсептелип, көрсөтүлүп турат. Атам мамлекетти жетектеп жаткан учурда компаниялардын катары өстү. Бирок, «Авто-Энергомаш» энергияны баштапкы баадан да кымбат сатып алып жатышты. Эгерде А.Атамбаев ошондо уулун чындап эле калкаласа анда биздин компания монополист болуп турмак, бери дегенде преференциялык кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болмок. Тескерисинче биздин компанияга эң төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилген. Бул факт!

Ошондой эле биздин компания эч качан калкка энергия саткан эмеспиз. Эч качан жеке үйлөргө электроэнергиясын жеткирүү менен алектенген да эмеспиз. Биз ири ишканалар менен гана иш алып барганбыз. Алар болсо өздөрүнүн эрки менен каалаган компанияларды өз мүмкүнчүлүктөрүн карап тандап алып келишкен.

Мамлекетибиз өзү качан бардык тармактарды электро энергиясы менен камсыздай баштай алса биз ошол күнү ишмердүүлүгүбүздү токтотобуз. Дагы ачыгыраак айтсам, ушунчалык татаал иш менен алектенгенден көрө базар куруп алып, алып-сатарлык иштерди жүгүзө берсем өзүм үчүн жеңил дагы, пайдалууда да болмок. Башым да оорумак эмес, бирок мен мамлекетиме жардам бергим келген. Кыскасы, «Автомаш-Энерго» электр энергиясын башкаларга салыштырмалуу кымбат баада сатып алып келген жана ошого карабай алынып келинген энергияны сатууда башка компаниялардыкындай эле баадан ашырышкан эмес. Минтип айтууга менде далил да, фактылар да жетишээрлик.

-- Кээде сизде Кыргызстандан кетип калгыңыз келген учурлар болобу?

-- Адам баласынын аң сезиминде ар кандай ойлор аралайт. Бирок, Мекен, Ата-Журт тууралуу маселе жаралганда түндүгүбүзбү, батышыбызбы, чыгышыбызбы же түштүгүбүзбү биз бир пикирде болушубуз керек. Адам баласынын эң аярлуу органы болгон жүрөк бирөө болгон сыяктуу эле биздин бир гана Мекенибиз бар. Менин атам Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жакшы сөзү бар. «Ар бир адам өз Мекенинде гана бактылуу боло алат» деген. Бул сөз учурунда, ал кишинин мамлекеттин башкы командачысы болуп турган учурда айтылган. Бул айтылган сөз убагында терең идеологиялык мааниге ээ болуп, коомчулукта лозунг катары да колдонулган. Ал сөз азыр деле көпчүлүктүн эсинде болуш керек. Мекен демекчи, мен бир мисал айта кетейинчи. Карт тарыхтын барагында жазылып калган Султан Бейбарсты кимдер билбейт. Баарыбыз эле билсек керек. Ошол Бейбарс кенедейинде моңголдордун чабуулунан улам Орто Азиянын талаасынан Түндүк Африка менен Азия чектелген чөлкөмгө кулчулукка алынып кетет эмеспи. Бирок, ал кул болуп алынып кетсе да, ошол бөтөн жерде, бөтөн элде башынан далайлаган кыйынчылыктарды өткөрүп, далай тоскоолдуктарга тушугуп, акыры жүрүп олтуруп, канчалаган кырчылдашкан согуштарда беттеп келген душманды майтарып, ошондой баатырдыгынан улам чыгаан полководец аталат. Акыры Египеттин султаны болот го. Аталган мамлекетти 17 жыл башкарат. Тактай келсек ошол доордо, 12-кылымда Египетти ал улуу державага айлантат. Ал өзүнүн кыйындыгы менен баарына жеткен. Байлыкка, эң жогорку бийликке, атак-даңкка дагы. Бирок, анын баары акырында туулган жердин бир ууч топурагына, бир искеп алчу атыр жыттуу чөбүнө арзыган эмес. Ошондо ал байлыгын да, бийлигин да, бардыгын таштап, жөө жалаңдап өз киндик каны тамган жерине, Орто Азиянын талаасына кетип калат эмеспи. Муну менен мен эмнени айткым келет, Мекендин касиетин, улуулугун! Атам айткандай «ар бир адам өз Мекенинде гана бактылуу боло алат» деген пикирди. Андыктан, мен кандай гана кыйынчылыктарга тушукпайын Кыргызстанымдан эч жакка кетпейм. Анын бакубат өлкө болуусу үчүн мекенимдин уулу катары болгон күч-кубатымды жумшайм!

-- Атаңыз президент болуп турган жылдары мүнөзүңүз өзгөрдүбү же ушундай  жөнөкөй бойдон эле болдуңузбу? Кимдин тарбиясын көбүрөөк алгансыз?

-- Адатта «мүнөз адам баласы менен кошо төрөлөт» деп коет го. Анын сыңарындай мен атам президент болгонго чейин, президент болгондо да, президенттик кызматын Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзам боюнча өткөрүп бергенден кийин деле ошол мүнөздөмүн. Ушул жерден тай атамдын айткан бир сөзү эске келип атат. Ата-энем мен төрөлгөн учурда экөө тең студент, Москвада окуп жүргөн мезгил. Ошондон улам кичинемде мен тай атам менен тай энемдин колунда чоңойдум. Тай атам мага көп айтчу: «өз мээнетиң, маңдай териң  менен эмгек кыл жана ар дайым жөнөкөй бол» деп. Анан калса тай атам да, тай энем да өтө жөнөкөй адамдар болушчу. Жөнөкөй болгонду баалашчу. Адам баласындагы эң жакшы касиет жөнөкөйлүк» деп көп айтчы, тай атам. Ошон үчүн канжай мезгил болбосун жөнөкөй болууга аракет кылам.

-- Канча балаңыз бар?

-- 2 уулум бар: Селим жана Али. Экөө тең шахмат менен алектенишет жана таэквондо менен машыгышат. Бул спорт түрлөрү боюнча көптөгөн чет өлкөлөргө барып, Кыргызстандын атын даңктап, байгелерди алып келишет. Окуусун да англис тилинде эң мыкты окушат. Мен балдарым менен сыймыктанам.

-- Атыңызды ким койгон?

-- Чоң апам койгон.

-- Сизди эмне кыйнайт, эмне кыжаалат кылат?

-- Айрым адамдардын бир заматта өзгөрүлүп кеткен принципсиздиги.

-- Сеид мырза, маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик!

-- Мен да силердин жооптуу, татаал жана кызыктуу ишиңерге ийгилик каалайм!

Булак, NazarNews.org