27.08.2019 16:28

«Алматы-Бишкек» унаа жолундагы жол кырсыгынан кыргыз жараны каза тапты

«Алматы-Бишкек» унаа жолундагы жол кырсыгынан  кыргыз жараны каза тапты

«Алматы-Бишкек» унаа жолунда болгон жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза тапты. Бул туурасында бүгүн, 27-августта ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 25-август күнү унаа жолдун 132-чакырымында болуп, «Тойота Ист» жана «Тойота Камри 30» унаалары кагышкан. Кесепетинде  27 жаштагы В.А. аттуу жана 18 жаштагы В.И. аттуу эки кыргыз жараны ар кандай жаракаттар менен Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген. 

Алматы облусунун Полиция департаментинин маалыматына караганда, 26-август күнү кечке жуук оор абалдагы В.А. каза тапкан.  

Учурда КР Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы полициясы менен бирге кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин чечип жатышат.

Жол кырсыгы фактысы боюнча Казакстандын укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.