06.06.2018 09:00

Алтынай Өмүрбекова Талас облусунун ооруканаларынын абалы менен таанышып чыкты

Алтынай Өмүрбекова Талас облусунун ооруканаларынын абалы менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Талас районунун Көк-Ой айылындагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышып чыкты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 1983-жылы типтик долбоор боюнча курулган оорукананын имараты мурда Саламаттык сактоо министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына берилген. Имарат анда азыркыга чейин башталбай жаткан капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн инвесторлорду тартуу максатында өткөрүп берилген.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова оорукана үчүн салынган имарат өзүнүн түз багытында колдонулушу керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге учурда оорукана Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилет, андан соң имаратка баштагы статусун кайтаруу иши жана оңдоо иштери үчүн каражаттарды бөлүү маселесин кароо башталат.

Андан соң вице-премьер-министр Талас облусунун Кара-Буура районунда курулуп жаткан 4782 адамды тейлөөчү №8 ҮДТ үй-бүлөлүк медицина борборуна барды.

Учурда борбордун баасы 53 млн сом турган жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктап калды. Азыркы тапта кызматкерлерди толуктоо жана медициналык жабдууларды сатып алуу маселелери чечилүүдө.

 Медициналык кызматкерлер менен жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Өкмөт тарабынан аймактарга жаш дарыгерлерди тартуу үчүн иштөө шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

«Учурда аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө басым жасалып жатканда калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык, анын ичинде алгачкы жардамдын сапаты маселесине өзгөчө көңүл бурулат», - деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр жер-жерлерде абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.