16.05.2018 09:20

Америкада каза болгон кесиптешинин уулун мектепке узатуу үчүн 70 полиция кызматкери келди

Америкада каза болгон кесиптешинин уулун мектепке узатуу үчүн 70 полиция кызматкери келди

Американын Индиана штатындагы Салливан шаарында 70 полиция кызматкери  каза болгон кесиптешинин уулун мектепке узатып келишти. Бул туурасында WTHI-TV 10 билдирди.

Терре-Хот шаарынын полициясында иштеген Роб Питтс 4-майда кызмат учурунда - киши өлтүрүүгө шектелген жарандын аткылоосунан каза болгон. Анын 5 жаштагы уулу Дакота бул жаман окуядан соң 10 күн сабакка барган эмес.

14-майда окууга кайтууну чечкен бала апасынан атасынын досторунун бири мектепке чейин чогуу барышын суранган.

Аял күйөөсүнүн кесиптештерине баласынын өтүнүчүн жеткирген. Эртеси баланы мектепке узатып баруу үчүн 70 полиция кызматкери келген.