10.05.2020 16:14

«Апрель» телеканалынын атынан тарап жаткан чагымчыл чакырыктар - фейк!

«Апрель» телеканалынын атынан тарап жаткан чагымчыл чакырыктар - фейк!

Учурда социалдык тармактарда «Апрель» телеканалынын атынан тарап жаткан чагымчыл чакырыктар жалган жана фейк экенин расмий билдиребиз.

«Апрель» телеканалы, оппозициялык ЖМК болгондуктан, бийликти көп сындаганы менен  мыйзамды сактоону жактайт.

Ошондой эле, эл үчүн жана мамлекет үчүн оор учурларда, «Апрель»  телеканалы башка маалымат каражаттары менен бирге штабдын, коменданттын жана башка мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарын таратып бийликке жардам берүүдө жана жалган, фейк маалыматтарга каршы күрөшүп келет.

Учурда Кыргызстанга тынчтык менен туруктуулук керек. Бардык саясий жана коомдук күчтөр, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом оор экономикалык кризисти жана анын кесепеттерин жеңүү үчүн бирге күч жумшашы зарыл.

Дагы бир жолу баса белгилеп кете турган жагдай, «Апрель» телеканалынын атынан бир гана мыйзамды сактоо, чынчылдык, элдин жана Кыргызстандын биримдигин сактоого багытталган чакырыктар жаңырат.