15.04.2020 11:47

Ара жолдо калган 4 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине качан кайтат белгисиз

Ара жолдо калган 4 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине качан кайтат белгисиз

Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун кыргыз жараны ара жолдо калып, мекенине кайтып келе албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 2-февралынан тарта чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча 35 чартердик рейс аткарылды.

“Бүгүнкү күнгө карата дагы 4371 адам мекенине кайтууну каалап жатат. Алардын ичинен Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскте – 2716 адам”, - деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, алгачкы чартердик каттамдар Кытайдан келген. Ошондой эле Россиядан, Түркиядан, БАЭ, Египеттен чартердик түз каттамдар аткарылган.

“Биз бул маселенин үстүндө күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Биздин жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп белгиледи ал.

Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и дарыгерлер. Бүгүнкү күндө коронавирус жугузуп, стационарда жаткан 366 жарандын ичинен 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда.

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 130
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 82
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.