03.03.2020 13:31

Арстан Алай: Коронавирустан Кудай менен кыргыз куткарат

Арстан Алай: Коронавирустан Кудай менен кыргыз куткарат

Өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алай кулачын кенен жайып бараткан коронавирустан дүйнө элин Кудай менен Кыргыз куткараарын жар салды. Ал буга чейин Кытайга коронавирусту өзү жөнөтүп койгонун айткан эле. Бул туралуу ал бүгүн, 3-мартта, маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди.

“Ушундай көйгөйдөн бир гана кыргыз куткарат. Эмнеге деп ойлосоңуздар 21-кылымда адам акылы менен ойлоп тапкан мыйзам, техника, медицина ажал азап болуп, теңирдин мыйзамы ынак болот. Дүйнө эли эң биринчи адамдын гени жетилгенин жана ааламдын ролун аткарышы керектигин түшүнүшү керек. Эгер аны аткара албаса вирус ичтен чыгат. Ар бир улуттун миссиясы болот. Кыргыз ааламдан келген өкүл. Кыргыздын улуулугун билиш керек, башкалар кыргызды улут катары өздөрүнө салыштырбаш керек. Анткени улуу күчтүн ролун кыргыз гана аткара алат”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.