09.08.2019 18:52

Асель Кодуранова: 7-8-августтагы окуялар боюнча сурашты

Асель Кодуранова: 7-8-августтагы окуялар боюнча сурашты

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова ИИМден сурактан чыкты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

КСДП төрайымы сурак учурунда 7-8-августтагы окуялар тууралуу сөз болгонун гана айтып, тергөөнүн кызыкчылыгында башка маалыматты  таратпоого милдеттенме алганын билдирди.

Кодуранова тергөөчү тараптан басым болбогонун билдирди. «Күбө катары өтүп жаткандыктан, жактоочусу албайм деп чечтим. Мындан кийин да сурактарга чакырып турушу мүмкүн», -деди депутат айым.

Буга чейин Асель Кодуранова Кой-Ташта 7-8-август күндөрү болгон чабуул учурунда спецназдардын барымтага алынышы боюнча ачылган кылмыш ишине күбө катары чакырылганы айтылган. 

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө экс-президентти кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Ага атайын багыттагы отряддын жоокерлери тартылган.  Алар экс-президенттин тарапташтарынын катуу каршылыгына тушугушуп, артка чегинүүгө мажбур болушкан.

Отряддын 6 жоокери экс-президенттин үйүндө калган. Кечээ 8-августта экинчи чабуул болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына анын тарапташтарына тийбөө талабын коюп, өз эрки менен колго түшүп берген.

Кийин атайын багыттагы отряддын 6 жоокерлерин барымтага алуу фактысы менен кылмыш иши ачылганы маалымдалган. Бул иш боюнча президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов дагы кармалып, азырынча бөгөт чарасы тандала элек.  

КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «спецназдын жоокерлерин эч ким барымтага албаганын, тескерисинче, аларды жаалданган топтон сактап калышканын» билдирген.