04.04.2019 09:04

Асылбек Жээнбеков жаңы партия түзүү үчүн КСДПдан кеттиби? Саясат талдоочулардын пикирлери

Асылбек Жээнбеков жаңы партия түзүү үчүн КСДПдан кеттиби? Саясат талдоочулардын пикирлери

Саясат талдоочулар Асылбек Жээнбековдун КСДПдан чыгышы күз мезгилинен бери камдалып жаткан кадам деп баалашты. Айтымдарында, бул 2020-жылда боло турчу парламенттик шайлоо алдындагы чоң саясий оюндун башталышы.

КСДПдан кетүү менен Асылбек Жээнбеков Ак үйдөгү ишмердүүлүгүн чектеген жок. Андыктан эми ал бийлик үчүн жаны партия негиздейт дегендер басымдуулук кылышууда.