14.05.2018 13:32

Аскарбек Шадиев кайда?

Бул арада интернет колдонуучулары Аскарбек Шадиевди таппай убара. Улуттук коопсуздук комитети ал Кыргызстанда эле десе, айрым маалымат булактары ал өлкөдөн даарыланууга чыгып кеткен деп жазып чыгышты. Мурдагы биринчи вице-премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча айыпталгандан бери дайынсыз.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура 28-апрелде иш козгоп, тергөө иштерин УКМКга тапшырган. Анын болгон мүлкү дагы каммакка алынган эле.