28.12.2018 13:42

Аскарбек Шадиевдин кайсы мүлкү конфискацияланат? Тизме

Аскарбек Шадиевдин кайсы мүлкү конфискацияланат? Тизме

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевге карата 10 жылга эркинен ажыратылсын жана мүлкүн конфискациялансын деп чечим чыгарды. Мурдагы вице-премьер-министр азыр күчөтүлгөн режимдеги колонияда отурмак. Бирок ал азыр качып, издөөгө алынган. Андыктан соттун чечими сыртынан гана чыгарылды.

April.kg саясатчы жана анын туугандарынан алына турган байлыктын тизмесин санап көрдү.