02.04.2020 13:16

Сокулук районунун башчылыгы коронавирустун айынан акимиаттын имаратында обсервацияда жатышат

Сокулук районунун башчылыгы коронавирустун айынан акимиаттын имаратында обсервацияда жатышат

Сокулук районунун администрациясы жергиликтүү акимиаттын имаратында обсервацияда жатышат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги саламаттык сактоо министрлигине таянып жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү чечимди аталган райондук акими кабыл алган. Сокулукта коронавируска чалдыккан адам катталган кийин аткаминерлер адамдардан оолак болууну чечишкен.

Эске салсак, мурдараак депутат Эльвира Сурабалдиева Сокулук акимиатынын агрардык маселелер боюнча башчысынын орун басарынын аялы коронавирус жуктуруп, жугуштуу оорулар бейтапканасында жатканын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты УКМКнын өкүлдөрү бул маалымат жашырып жатканын сындаган. Болбосо бул маалыматты айткан жаранды жалган маалымат таратып жатасың деген жүйөө менен кармап кетишкен.  

Белгилей кетсек, учурда расмий түрдө Чүй облусу боюнча коронавирусту 5 киши жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат бар.

Жалпысынан коронавирусту жуктургандардын саны биздин өлкөдө 116 кишиге жетти. Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда.

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.