25.02.2020 10:07

Мыйзамсыз жер сатуу: Карганбек Самаковдун уулуна карата козголгон кылмыш иши кайра тергелет

Мыйзамсыз жер сатуу: Карганбек Самаковдун уулуна карата козголгон кылмыш иши кайра тергелет

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго козголгон кылмыш иш кайра каралат. Жогорку сот анын ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу тууралуу арызын канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталган Карганбек Самаковду 2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Ага эки мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылып, 2019-жылы ал  жатак абакка которулган.

Айыл чарба жерлерин турак-жай жерлерине мыйзамсыз айландырган делген бул иштен жалпы он бир киши өткөн. Мурунку премьер-министрлер Искендербек Айдаралиев, Игорь Чудинов беш миллион сомдон айыпка жыгылган.

Самаковдун баласы баш болгон беш киши сегиз жылга кесилген.