13.02.2020 13:31

Депутат Нышанов диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөөгө чакырды

Депутат Нышанов диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөөгө чакырды

Кыргыздар адабий тилде сүйлөш керек. Мындай пикирин депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Депутаттын баамында коомдук жайларда диалектиде сүйлөөгө мыйзам чегинде тыюу салуу керек. Бул маселе боюнча көп киши кайрылып жатканын дагы кошумчалады.

Депутат жети облустун эли жети диалектиде сүйлөп жатканы кыргыз тилинин жоголушуна, кыргыз улуту сакталбай калышына себеп болорун белгиледи.