01.06.2018 12:42

Аскарбек Шадиевдин Нью-Йоркто экени аныкталып, сырттан айып тагылды

Аскарбек Шадиевдин Нью-Йоркто экени аныкталып,  сырттан айып тагылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Шадиевге издөө жарыяланды. Бул туурасында МУККтун маалымат кызматынан билдиришти.

27-апрелде Шадиев Баткен облусундагы Исфана шаарына каза болгон тууганынын үйүнө көз көрсөтүү үчүн барган. Андан ары Лейлек районунун Арка айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз түрдө ( суу аркылуу)  кесип өтүп, Тажикстан тарапка бет алган. 

28-апрель күнү Худжант-Москва аба каттамы менен Россияга барып, андан ары Нью-Йоркко учуп кеткен.

Туугандарынын айтымында, дарыланууга кеткен Шадиев 1-2 жума ичинде келип калмак. Бирок, тергөө кызматына байланышка чыкпай качып жатканына байланыштуу, ага издөө жарыяланды.

Эскерте кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деген айып тагылган болчу. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган. 

Бирок, 2-майда ЖМКларда  «Аскар Шадиев чет өлкөгө чыгып кетиптир» деген маалымат  тарап, бирок УКМК аны төгүндөгөн