24.09.2019 23:50

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жан сакчысына бир нече беренени илүүдө

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жан сакчысына бир нече беренени илүүдө

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу КСДП мүчөсү Кундуз Ажыбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевди Кызыл-Аскерде жайгашкан Бишкек гарнизонуна алып кетишти. 

«Азырынча кызматтык укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, массалык башаламандык, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу жана адам өлтүрүү боюнча шектүү катары 48 саатка камакка алынды. Мындай айтканда, болгон берененин баарын илип коюшту», -деп жазды КСДП мүчөсү.

Эскерте кетсек, бүгүн Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев аны Аскер прокуратурасы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде болгон окуялар боюнча шектүү катары камаганы жатканын билдирген.