24.09.2019 22:17

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камаганы жатат

Аскер прокуратурасы  Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камаганы жатат

Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камакка алганы жатат. Бул тууралуу КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Сагымбаев бүгүн, саат 15:00дөн бери Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Азыр эле аны камакка алуу чечими чыкканы белгилүү болду. 

Экс-президенттин жан сакчысынын жактоочусу Замир Жоошев Сагымбаевди 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде болгон окуялар боюнча шектүү катары камаганы жатканын билдирди.

«Ал күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде эмне болгонун баары билет -  Канат экс-президентти кайтарып жүргөн, ал эми беткап кийген адамдар Атамбаевди кармамакчы болуп чогулушкан. Ал беткапчандар кимдер эле? Аны экс-президент дагы, анын жан сакчысы дагы билген эмес. 

Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери алардын спецназ экенин билген күндө дагы, аларга экс-президентти кармап, өткөрүп бере алмак эмес. Анткени анын алдына «ОБЪЕКТТИ»  кайтаруу тапшырмасы коюлган жана УКМКнын 9-кызматы Канаттан бул тапшырманы алып салган эмес», -деп билдирди Жоошев.

Эскерте кетсек, 20-сентябрь күнү экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев  УКМКнын 9-кызматынын офицери Канат Сагымбаев экс-президентти видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кызматтан бошотулганын билдирген. Муну кийинчерээк Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев да тастыктаган. Бирок УКМК Канат Сагымбаевдин иштен бошотулушун башка себептер менен байланыштырган.