20.09.2019 18:05

Жетекчиликти укпай койгон. УКМК Атамбаевдин жан сакчысы эмнеге кызматтан бошотулганын айтты

Жетекчиликти укпай койгон. УКМК Атамбаевдин жан сакчысы эмнеге кызматтан бошотулганын айтты

УКМК 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевдин жанында болгон 9-кызматтын кызматкеринин жумуштан бошотулушу тууралуу билдирүү таратты. Анда Канат Сагымбаевге карата 2 кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү айтылат.

«Канат Сагымбаев июль айында жетекчиликтин кызматтык куралды тапшыруу буйругун тоотпой койгон жана кайтаруучу объекти жок учурда атайын техниканы гаражга кайтарып берүүдөн баш тарткан. Жыйынтыгында, ага жарым-жартылай кызматына дал келбөөчүлүк жарыяланган. 

2019-жылдын сентябрында кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө УКМКнын ички көрсөтмөлөрүнө карабастан, журналисттер менен байланышкан. 

Жогоруда айтылган кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Канат Сагымбаев улуттук коопсуздук органдарынан «Кызматтык дал келбестик» беренеси менен бошотулду», -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, бүгүн 20-сентябрда  экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев УКМКнын 9-кызматынын офицери Канат Сагымбаев экс-президентти видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кызматтан бошотулганын билдирген. Муну кийинчерээк Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев да тастыктаган.