20.01.2020 12:48

Аскер прокуратурасы журналист Турсунбек Бейшенбековду кайрадан суракка чакырды

Аскер прокуратурасы журналист Турсунбек Бейшенбековду кайрадан суракка чакырды

chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 20-январга күбө катары дагы суракка чакырылды. Бул тууралуу ал жергиликт ЖМКларга билдирген. Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзүнө караганда, сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат.

"Бир аткаминердин артынан 2014-жылдан бери сөз ээрчип келатат. Мени ошонун негизинде суракка чакырып жатат. Бул жерде мамлекеттик чоң сыр же зыян келтирилген иш болсо да мейли эле. Бир аткаминердин арызынын негизинде эле суралып жатам", - деди Бейшенбеков.

Ал 16-январда сурактан чыккандан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачык айткан эмес.

Эске салсак, 15-январда дагы бир журналист «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев да Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыккан. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялыгын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан эмес. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу экенин билдирген.

Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек.