20.01.2020 16:15

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков 48 саатка камалды

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков 48 саатка камалды

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков кармалып, 48 саатка убактылуу камоочу жайга киргизилди Бул тууралуу анын жактоочусу юрист Чынара Жакупбекова билдирди.

Бүгүн, 20-январда Аскер прокуратурасы Турсунбек Бейшенбековду  суракка чакырган. Жактоочунун айтымында, ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөгө чакырылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган.

Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

Эске салсак, мурдараак, 16-январда Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 1,5 саат сурак берип чыккан.  

Мындан сырткары, 15-январда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев дагы  Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берген.