14.02.2020 17:27

Кой-Таш окуясы: Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы соттук отурум башталды

Кой-Таш окуясы: Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы соттук отурум башталды

Бүгүн, 14-февралда ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы соттук отурум башталды. Ал Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.

Ага Курсан Асановдон сырткары айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышып жатат.

Белгилей кетсек, курсан асанов КР жазык кодексинин бери дегенде эле беш беренеси боюнча айыпталууда. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда.

Азырынча ал кайсы иш боюнча өтүп жатканы белгисиз.

Эске салсак,7-8-августтагы Кой-Таш окуясынан кийин Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.