02.03.2020 13:25

ИИМ: Кой-Таштагы атайын операция маалында Курсан Асанов тамактанганы кетип калган

Курсан Асанов Кой-Ташка дароо барса кандуу окуялардын алдын алууга мүмкүн болмок. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Кой-Ташта атышуу башталганы тууралуу маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө 7-августта саат кечки 8де түшкөнү, Асановго кабар дароо берилгени, бирок ал 8ден 9:30га чейин «Пинара» мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып отурганы айтылат.

«Арадан 1,5 саат өткөндөн кийин гана Кой-Таштан 5 чакырым аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылына барган. Асанов өз убагында чара көрбөгөнүнөн Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтары топтолуп, милицияга таш ыргытып, аларга оор жаракат келтирип, «Альфанын» кызматкерлерин барымтага алып, ок атуучу куралдарды тартып алышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ ошондой эле Асанов Кой-Ташка дароо барса Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жана анын жанында жүргөн башка кызматкерлер жабыркабайт болчу деп эсептейт.

«Асанов өз билдирүүсүндө Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткарганын айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетиш керек», деп кошумчалады министрлик.

Өткөн аптада ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов сотто сүйлөп жатып Кой-Таш окуясы боюнча тергөө ИИМдин жетекчилигинин ич күйдүлүгүнүн негизинде жүргөнүн айткан болчу.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Асанов коюлган айыптарды «негизсиз жана ойдон чыгарылган» деп баалаган.

Ал 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяларга токтолуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул коюуга каршы болгонун билдирген:

«Ошол күнү барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Бирок айрым адамдар менин сөзүмдү укпай, ушул абалга алып келишти», - деген Асанов.

Курсан Асанов «2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Кой-Таш окуясында атайын кызматтын бир офицери курман болгон, жүздөгөн адам жараат алган. Атамбаев ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.