21.01.2020 10:50

Chyndyk.kg сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков үй камагына чыгарылды

Chyndyk.kg сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 21-январда журналист Турсунбек Бейшенбеков эки айга үй камагына чыгарылды. Маалыматка караганда, бөгөт чарасы 20-январда кечинде каралган.

Эске салсак, күн мурун 20-январда Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, ошол жерден 48 саатка камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгон журналист каралаып жаткан иш боюнча кененирэк маалымат бере алган эмес.

Бирок анын жактоочусунун айтымында, журналист ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөгө чакырылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган.

Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

Эске салсак, мурдараак, 16-январда Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 1,5 саат сурак берип чыккан.  

Мындан сырткары, 15-январда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев дагы  Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берген.