01.11.2019 16:15

Атамбаевдин уулунун ишканасын эмнеге тинтишти? Башкы прокуратура жооп берет

Атамбаевдин уулунун ишканасын эмнеге тинтишти? Башкы прокуратура жооп берет

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдан ушул кезге чейин бул компаниянын ишмердүүлүгү салык органдары тарабынан текшерилген эмес. Ушул жылдын 23-августунда райондук сот «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтом чыгарып, салыктык текшерүү дайындалган.  

«2003-жылы «Кыргыз автомаш» ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү «Автомаш-Энерго» деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу Сеидбек Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда «Автомаш-Энерго» ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам кечээ, 31-октябрда Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде  аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн. 

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ишканасы акыркы жылдары мамлекетке 25 миллион сом салык төлөгөнүн, азыр акыркы саясий окуялардын аркасы менен рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатканын билдирген.