19.07.2018 13:21

Ат-Башынын балчылары быйылкы жылдын биринчи балын тартышууда

Ушул тапта Ат-Башылык балчылар быйылкы жылдын биринчи балын тартышууда. Алгачкысы эспарцет талаасынан алынды. Белгилүү Ат-Башынын ак балы дүйнөлүк көргөзмөлөрдө адистер тарабынан бир канча жолу табыйгый таза азык деп табылган. Балчылыкты сүйүктүү кесипке айланткандардын саны арбып барат. Алардын катарында өзү өрт өчүрүүчү бирок аары багып, бал тарткандан ырахат алган Ажыбек Ажыбаев тууралуу кийиинки материал.