09.12.2019 16:14

Аткезчилик: Баткенде 15 тонна лимон кармалды

Аткезчилик: Баткенде 15 тонна лимон кармалды

Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран айдап келе жаткан «Шмитц CARGBUL» чиркегичи чиркелген «Вольво FH 24T» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алган.

Унаада коңшу мамлекеттен алынып келе жаткан 14 тонна 764 килограмм лимон болгон. Кармалган товардын баасы 1 миллион 107 миң 263 сомду түздү.

Бирок айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес.