02.12.2019 12:58

Аткезчилик: Турциядан Кыргызстандын алты жараны кармалды

Аткезчилик: Турциядан Кыргызстандын алты жараны кармалды

Турцияда электрондук чылымдарды аткезчилик менен таашыган кыргызстандыктар кармалышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн соода жана өнөр жай министрлигинин расмий сайты кабарлайт.

29-ноябрда Стамбулдагы аэропорттон бажы кызматкерлери Алматы аркылуу келген алты кыргызстандыктын жүгүн текшеришкен. Жыйынтыгында 7 миң 390 электрондук чылымдын кутучасы табылган. Турциянын бажы кызматы жүктү контрабанда экенин аныктап, анын баасы 27 миң АКШ долларына тете деп билдиришкен.

Кармалгандарга “Аткезчилик” беренеси боюнча айып тагылып, тергөө иштери башталган.

Турциянын кылмыш жаза кодексине ылайык, чет өлкөдөн жүктү декларациясы жок таашынган учурда 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылып, ири өлчөмдө айыппул салынат.