01.11.2019 18:06

«Автомаш-Энерго» компаниясы салыктык текшерүүдөн качкан эмес

«Автомаш-Энерго» компаниясы салыктык текшерүүдөн качкан эмес

«Автомаш-Энерго» компаниясы салык органдарына документтерин көрсөтүүдөн качкан эмес. Бул туурасында аталган компаниянын юристи Салия Эшкинина Kaktus.media сайтына  билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринин алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Автомаш-Энерго» ЖЧКсында текшерүү өткөрүүгө тийиш экенин, бирок компания жетекчилиги буга бут тосуп жатканын билдирген. 

«Автомаш-Энерго» компаниясынын юристинин айтымында, 23-октябрда компанияга 2015-2018-жылдар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасы менен салык кызматынын инспектору келген. Юрист текшерүүгө даярданууга ишканаларга мыйзам боюнча 3 күн бериле турганын эскерткен. Бирок текшерүүчү органдар макул болушкан эмес. 

«Жыйынтыгында биз документтерибизди көрсөттүк. Инспектор 7 күн бою эсепчи менен өзүнчө бөлмөдө отуруп, документтердин 95% текшерди. Ал сураган документтин баарын берип жаттык», -дейт Салия Эшкинина.

Юристтин айтымында, 30-октябрь күнү эсепчи ден соолугуна байланыштуу текшерүүнү бир азга токтото турууну суранган. Кагаздардын көп бөлүгү каралып бүтүп калгандыктан, ЖЧК Октябрь райондук салык кызматына текшерүүнү жылдыра туруу өтүнүчүн жолдогон. 

«Бирок 31-октябрь күнү соттун 21-октябрда чыгарган токтому менен тинтүү жүргүзүүгө келишти. Башкача айтканда, алар тинтүү менен келерин он күн мурун билишкен. Биз текшерүүдөн качкан эмеспиз», - деп кошумчалады юрист.