04.12.2019 11:21

Айбек Калиев: Мамлекеттик телеканалдар бизди "шыбап" жатышат

Айбек Калиев: Мамлекеттик телеканалдар бизди "шыбап" жатышат

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесстен 24.kg маалымат агенттиги кабар берет.

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Кечээ мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөштү.

Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевди угушат.

Айбек Калиевдин айтымында, айыпталуучулардын баары укук коргоо органдарынын мыйзамсыз туткундарына айланды. Ал таарынган бир кишинин сөзүнө гана таянып айып коюлууда деп эсептейт.

Айыпталуучунун билдиргени боюнча, ЖЭБди 240-260 миллион долларга оңдошсо да болмок.

«Жазыксыздык жоромолу кайда? Биздин конституциялык укугубуз бузулууда. Биз өзүбүздүн күнөөсүз экенибизди тастыктаганга аргасызбыз», — деди Айбек Калиев.

Айтымында учурда күбөлөрдү, эксперттерди коркутуу боюнча ири иштер жүрүп жатат, ЖМКда үгүттөө болууда. Соттун өкүмү жок, бирок мамлекеттик каналдар аларды «шыбап» жатканын айтты.

 «Элди жалган жана калп менен азыктандыргыдай, биз фашизм маалында жашабай элебиз го. ЖЭБ боюнча маалыматты бурмалап берип жатышат, алар ишене башташты. Ушундай абалда «эгер күнөөлүү жок болсо, анда аларды дайындашат» деп айтып коюшат», — деди ал.

Эске салсак, прокурор Марат Кулжабаев өз сөзүндө Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ошондой эле андан Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын жана «Даңк» медалын алып салуу сунушталды.