02.12.2019 11:11

Айымдардын укугуна арналган көргөзмөгө каршы митинг өтөт

Айымдардын укугуна арналган көргөзмөгө каршы митинг өтөт

«Феминнале» көргөзмөсү коомдо ача пикирлерди жаратууда. Үй-бүлөлүк зомбулук, миграция, сойкулук жана башка темаларды чагылдырган лозунг, сүрөт  жана жыланач айымдардын музейдин конокторунун алдына чыгышы айрым жарандарга жаккан эмес.

Бул себептүү Г. Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы митинг жарыяланды.

Маалыматка караганда, каршылык амкциясына чыккандар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдыда чогулушат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада музейде  «Феминалле» көргөзмөсү 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өтүүдө.