Айнур Абдылдаева КР юстиция министри кызматынан бошотулду

Айнур Абдылдаева КР юстиция министри кызматынан бошотулду

Айнур Абдылдаева Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна ээлеген кызматынан бошотулду.

April.kg порталына министрликтин маалымат кызматынан Айнур Абдылдаева башка кызматка өтүп жаткандыктан, өз арызынын негизинде бошонгонун маалымдашты.