06.09.2018 10:28

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалына ээ болушу мүмкүн

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалына ээ болушу мүмкүн

18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында монголиялык балбандан утулуп калган Айсулуу Тыныбековага алтын медаль берилиши мүмкүн.  

Күрөш федерациясы Азия оюндарынын Олимпиадалык кеңешинин расмий сайтына таянып, монголиялык балбан Орхон Пуревдорж «кызытма колдонгон» деген жүйөө менен алтын медалдан ажыратылганын билдирди. Маалыматка ылайык, анын канынын курамында тыюу салынган "станозолол" препараты табылган.

«Эми эреже боюнча, алтын медаль беттеште 2-орунду алган балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек»,- деп билдиришет федерациядан.