20.09.2019 19:37

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону аталды

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык спортсмен Айсулуу Тыныбекова аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алды.

Дүйнө чемпионаты Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өтүп жатат. Айсулуу Тыныбекова 62 килограммдык салмак категориясында күч сынашкан. Ал Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсеинди жеңип алды.

Буга чейинки беттештерде кыргызстандык спортчу Мексика, Япония жана Түндүк Кореялык атаандаштарын жеңип, Токиодо өтө турган Олимпиадага жолдомо алган.

Бул Кыргызстандын дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча аялдар арасында да, эркектер арасында да биринчи жеңиши.