16.07.2018 15:33

Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалды жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду. Grand Prix of Spain 2018 мелдеши 14-15 июлда Мадрид шаарында өткөн. 

Балбан кыз 59 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып,  1/8 финалда АКШлык  Алия Раганды жеңген. Чейрек финалда Россиялык Кристина Елоеваны утуп алган.

Финалга чыгуу мүмкүндүгүн алуу үчүн Тыныбекова Казакстандык  Алтынай Сатылган менен күрөшүп, жеңсе, финалда дагы бир казак спортсмени Мадина Бакбергеновага каршы тура алган. 

Жыйынтыгында, бул салмактагылар арасында Айсулуу Тыныбекова биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль алды. Буга чейин Кытайдагы чемпионатта мекендешибиз колого ээ болгон.